бетте

китептерде 139 жолу, 9 китепте
  1. Бир бет менен экинчи бир бетти төп кылып кабаттоо, бетин бетине келтирүү.
  2. Тоонун, кырдын ж.б. бир жак тарабын каптоо, каптал же бет менен жүрүү.
  3. Бир жакты көздөй багыт алуу, бетме-бет чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкбөрү айтты акыл, деп, / Коросон, испан, жедигер, / Таласты карап беттеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так түшүрүп баткалап, / Сайа түшүп изин кууп, / Сапырылтып жөнөдү, / Башка жакка бурулбай, / Таласты карай беттеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң семей аттанып, / Беттеп чыкты бетбакка, / Тай буурул менен шаңданып, / Кутургур келди күүлөнүп, / Ойду-дөңдү сүйлөнүп: / — Жарам жок менин сак болдум, / Семетей, бүгүн жоголдуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Согушкан пенде соо калбай, / Соолгон жандан ажыраар, / Бердике айтып жиберди, / Эл жыйылган көпчүлүк, / Чуркурашып калышты, / Ким экенин ким билет, / Бирөөнүн айтып салышы: / “Жоо кадырын, жоо билет, / Гүлчоро менен Канчоро, / Ал экөөнөн башкадан / Буга беттеп ким кирет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →