бетпак
- Уяты жок, уятсыз, жүзү кара.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойу бокор, үнү жокор, / Бетпактын түрү ошондой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Айтып болуп узатты, / Алтыкеге бар кебин, / Бетпактын аркы бетинен, / Бедерлүү шордун четинен, / Аттанып чыкты Алтыке, / Түн ортосу кез менен, / Ылгап минген Коңурсур, / — Карманаптын иниси, / Карадөөнүн аты бул, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеп укпады кызың деп, / Кайра келсең сен бетпак, / Чачыңды кыркып аламын, / Бетиңди тилип саламын, / Канжарлап кардың жарамын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бетпактыдан аттанып, / Шүкүрлүү көздөй жол тартып, / Карманап көздөй оң тартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →