бетме-бет
- Бет алышкан абал, беттешкен абал, көзмө-көз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Каракөз айтканда, / Күрс дегинче жөтөлүп, / Көкбөрү башын көтөрүп: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Сурасаңар менден сөз, / Бир чатырда турабыз, / Жоголушуп бетме-бет, / Кек алар болсоң кыргыздан, / Кезеги мунун келген кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эр Саламат, Кесилет, / Жекеге чыгып бетме-бет, / Бар кайратын жыйнашып, / Түпөктүү найза ыргашып, / Коросон, испан бир тарап, / Карап турат көз сатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шер Кененим ошондо, / Калгандарды байкады, / Коросондун Кесилет, / Кылган иши кесирет, / Кесилет менен беттешип, / Тирүү калыш кыйын кеп, / Суусамырда тынч элге, / Аралап барып тийерде, / Саламат жетти бетме-бет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бетме-бет туруп сүйлөшүп, / Көз көрүшүп алганы, / Чакырттым элге силерди, / Жүрөктөгү сырды айтып, / Жүз көрүшүп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эр Тапактан Куунайза, / Калча деген кеп угуп, / Ачуусуна чыдабай, / Кара тер бойдон жуурулуп, / Саргарган бети карарып, / Өпкөсү көөп арданып, / Тапакка келип бетме-бет, / Найзаны күүлөп каарданып, / Баатыр Тапак, Куунайза, / Кандуу найза сунушуп, / Катуу жаман урушуп, / Найзаларын кагышып, / Балталашып чабышып, / Чокморлошуп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →