бетер

китептерде 359 жолу, 10 китепте
  1. Чыгыш жөндөмөдөгү атоочтор менен же тактоочтор менен айкалышып, салыштыруу, күчөтүү маанисин берет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балыктан бетер кылк эткен, / Сымаптай болуп, жылт эткен, / Айчүрөктөй амалдын, / Түбүнө билип ким жеткен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат, / Олтурса бир күн талаада, / Бузулду андан кол чубап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…алгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырдан бетер ак экен, / Сегиз колдо барабар, / Жетиден көңөө так экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— деп Бурмаке мындан бетер шолоктойт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →