бетеге

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Көбүнчө койго, жылкыга мыкты тоют болуучу майда жалбырактуу жапайы чөп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бетеге, шыбак, жылтыркан, / Беттеринде аралаш, / Адам жечү чөптөрү, / Алтай, чөйчөк, иленин, / Адырында көптөрү, / Кызыл-ала бүлдүргөн, / Жантайма боордун түптөрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ашмура башы Жетитөр, / Ишенбесең барып көр, / Бетеге менен кызгалдак, / Жел аңкыса, аңкып жыт бурап, / Кара кыйак, буудай баш, / Шамал ыргап кулпурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара-кыйак, буудай баш, / Бетеге, шыбак аралаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бетеге менен айуу чач, / Көөдө менен кой шыбак, / Кара кыйак буудай баш, / Түлкү мурун, жылтыркан, / Күн чагылып кулпунган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бетеге менен туланы, / Белден чыгып буралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →