бет

китептерде 2021 жолу, 10 китепте
  1. Баштын ооз, мурун, көз жайгашкан маңдайкы бөлүгү, адамдын жүзү.
  2. Адамдын жүзүнүн көздөн төмөнкү, эки жаактын ортосундагы бөлүгү.
  3. Мейкиндиктин үстү, үстүнкү жайык жагы.
  4. Бир нерсенин бир тарап жагы, капталы (мисалы, тоонун).
  5. Жазы же жайылган нерсенин үстүнкү тарабы.
  6. Китеп, журнал ж. б. ар бир барактарынын эки жаккы тарабы.
  7. Уят, абийир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…теп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай учуп зыркырап, / Кагнаттуудай дыркырап, / Беттеп с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кагазды кармап бетине, / Атынан айра келгенде, / Тазбайматтын бир киши. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалпак таштын бетине, / Жалындуу отту жагыңар, / Сөөгү менен эттерин, / Жалпы баарын салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →