бермет

китептерде 19 жолу, 7 китепте
  1. Суу түбүндө, үлүлдүн кабыгынын ичинде жетилүүчү кымбат баалуу зат.
  2. Ушул заттан жасалган түрдүү кооз нерсе, жасалга.
  3. Аңдын жүнүндөгү жылтылдаган учку жүнү.
  4. өт. Кооз, мөлтүр, тунук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төгүлөт көздүн бермети, / Такыр болот жер бети... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кечөө Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Бардамды ачып башымдан, / Берметим төгүп бетимден, / Жаагымды жара чапканда, / Уйалгандан өлбөдүм, / Өлүп жерге кирбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Берметим беттен төгүлүп, / Ажырасам баркымдан, / Кыйамат кайым болгунча, / Кеп үзүлбөй артымдан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Бүтүн кылым элде жок, / Атаң Семей келбети, / Төгүлүп жерге тамчудай, / Бетинен жааган бермети. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бермети жерге төгүлгөн, / Шөкүлөсү көрүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →