берки

китептерде 82 жолу, 9 китепте
  1. Бери жактагы, бери тараптагы жагы.
  2. Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен айкалышып, мезгилди билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түк аларга туйгузбай, / Берки четки ханынын, / Атын сурап алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…н алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн болуп калыптыр, / Тамак ичер убагым, / Тамактанып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аккуланы байлатып, / Башынан берки санаты, / Беш кишиге каратып, / Арстан жатып алыптыр, / Кабарсыз болуп Каныкей, / Өз үйүндө калыптыр, / Ушул күнү Көзкаман, / Качып жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурункунун наркы экен, / Абалтан берки шарт экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →