бериле
- Улам бери болуу, жакындоо, бери карай жылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар күндүгү сорпого, / Кызыл койдун этин жейт, / Айунун өтүн куйдуруп, / Бал чайкаган кымыздан, / Суусунуна берилет, / Ушунун баары бүт болсо, / Семетей анан берилейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ажал жактан шекинип, / Алоооке качкан бечара, / Колунда турса аскери, / Коркок болбос мындайда, / Аркасын карап кылчайбай, / Боздөктүргө жетиптир, / Эмгичекти берилеп, / Эл өчүнө келбептир, / Банус хан, Дөөхан дегендин, / Алардын шайы кетиптир, / Үркөрдөй өзүм жылбасам, / Бүркүттөй колум сунбасам, / Кыргыздан чыккан тентекти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катуу келет бул бетбак, / Кер сары тартып өңү азып, / Ачуу келет бул бетбак, / Берилеп элден чыкканда, / Ажал алып жакалап, / Алкымынан сыкканда, / Атына камчы урганы, / Куу найза болду алганы, / Буудан бала баатырга, / Бурулбай найза салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошол замат он эки капкасынан тең Зыйфырым дын бир жолу сүйлөгөндүгү жөнүндө кабар берилет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Шаардын бардык тарабына Зыйфырымдын экинчи жолу сүйлөгөн жөнүндө кабар берилет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →