берендик
- Баатырдык, эрдик.
- Акылмандык, кыраакылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алыша албай ал экөө, / Кечкирип элге кайтышты, / Шапыракты билдирип, / Кабылан Сыргак айтышы: / — Бендеден белдүү эме экен, / Берендиги чын экен, / Беттешкен элем эченге, / Баардыгынын тыңы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анын арка жагынан, / Алп мүчөлүү шаңданган, / Тогуз жаштан бер жакка, / Баатырлыгы даңдалган, / Бейжиндеги чайкашта, / Берендиги тандалган, / Оогандагы урушта, / Пилден коркуп калбаган, / Тордоп алып оогандар, / Алып кете албаган, / Телкызыл минип жарашып, / Темирден кийим жарашык, / Жез…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жашы он төрттө балдардын, / Берендигин карачы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →