берен
- Алгыр, кыраан бүркүттүн бир түрү.
- Баатыр, эр, каарман.
- Акылман, кыраакы.
- Кээде какшык түрүндө уятсыз, ар нерсеге суктук, бетсиздик менен кол суна берген кишиге карата колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…осун, / Кененим бүгүн өзү жаш, / Элүүгө толук чыккан жок, / Өзүн ээрчип урпагы, / Асыл болду кызыл чок, / Бекбача жатат былк этпей, / Бейлин көрдүм мен анын, / Берен болчу неме экен, / Баарысынан мыктысы, / Эре болчу эр экен, / Мага келип Бактыбай, / Арачы болот дебесин, / Коркуп менден жалтанып, / Салаачы болот дебесин, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кетке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көзүнөн жалын от чыгып, / Кара көк туулган берениң, / Калдагай кулак Чойун алп, / Качырып найза салганы, / Сайдырбастан Кененим, / Балта менен какканы, / Балта тийген куу найза, / Талкаланып жатканы, / Карап ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
жаптырып, / Айылга чукул келгенде, / Камчыны тайап бөйрөккө, / Арстан Манас көкжалың, / Боздоп турду бакырып: / — Алмамбет, Чубак – эгиз эр, / Акжолтой тууган берендер, / Алдымда турса бел эле, / Артымда сан кол эл эле, / Жоого чыкса эр эле, / Жойкундаган шер эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейдей беренди, / Гүлүстөндөй эренди, / Сойо алсаң мөрөйүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →