береке
- Молчулук, жетиштүүлүк, кенендик, кеңчилик.
- Жакшылык, ийгиликтүү натыйжа Бейлин салып иштесе, Берекеси мына ушу (Тоголок Молдо).
- Таандык м. менен: берекем. Көңүл сезимин, жакшы көргөндүгүн билдирүүдө, эркелеткенде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан бизге хан эле, / Береке менен шыбага, / Тери менен тең агып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүрдөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ал иштер биздин көңүлдө, / Берекет тилеп турабыз, / Өзүңүздүн өмүргө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Алдым, саттым береке, – деп кол алышып кечинде үйлөрүнө кайтып кетишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →