бер

китептерде 5873 жолу, 10 китепте
  1. Бир колдон экинчи колго өткөрүү, кол менен узатуу.
  2. Сунуу.
  3. Колмо-кол сунуш кылуу, астына коюу, камсыз кылуу, алдына тартуу, ичкенге-жегенге ж.б. мүмкүндүк ачуу.
  4. Башканын карамагына, пайдалануусуна өткөрүү, экинчи бир тарапка ыйгаруу.
  5. Пайдаланууга уруксат кылуу Буудайы жакшы келинге өзөндөн эки кулак суу берем (Осмонов).
  6. Жиберүү, өткөрүү.
  7. Жиберүү, жөнөтүү.
  8. Уюштуруу, өткөрүү.
  9. Суроо коюуга, жооп кайтарууга, бир нерсе деп айтууга, билдирүүгө кандайдыр бир аракет жасоого мүмкүнчүлүк алуу, мүмкүндүк болуу.
  10. Чабуу, коюп калуу, уруп жиберүү.
  11. Атооч сөздөр менен айкалышып, жардамчы этиштик милдетти аткарганда ал атооч сөздүн маанисин этиштик мааниге өткөрөт.
  12. Жардамчы этиш катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кедеңдин уулу Жолойу, / Жеткире берип колкосун, / Каалап туруп бул алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →