беп

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. бе- менен башталган сын атооч же тактооч сөздөрдүн алдында колдонулуп, ал сөзгө күчөтүү маанисин берет: бепбекер, бепбелен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калп эле күлүп ал Бетер, / Калжыңдашып алыптыр: / — Эшиктен келдим мен Бетер, / Тагыңды мурун тарттырып, / Кайра алган сен Сетер, / Алдыңда минген күмүш так, / Алда кайдан бепбекер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Күн жылыды, жаз болду, / Эгин эгер чак болду, / Үч ай жатып бепбекер, / Эрдин баары бук болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Банус хан ойлоп жеткени, / Күүлөп найза сундуруп, / Күркүрөп күүсү угулуп, / Банус сайган найзаны, / Арстан кагып жиберди, / Колунда болот Сырнайза, / Бануска бептеп имерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →