белче
- Бел орто чен.
- Бир нерсенин капортосу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мында олтурган карылар, / Ошол күндө барсыңар, / Өз мүлкүңө ээ болбой, / Өзгөчө кордук тарттыңар; / Калмактардын колунда / Кыдырып кылым жер бетин, / Сандалып суудай актыңар, / Берендер чөгүп санаага, / белчеңерден баттыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ажыдаар эшиктен жылып, үйгө белчесинен киргенде Кыраанкара ажыдаарды бөлө чабат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →