белсен
- Кайраттуулук, чечкиндүүлүк менен киришүү, бел байлоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чак деген үнү угулду, / Айрандай мээси куйулду, / Томолонуп кеткени, / Каны тартып, жан ачып, / Жана бирөө жеткени, / Найзасын кагып жиберип, / Чокуга койуп өткөнү, / Кержиндин жанын узатпай, / Белсенип манжу кез келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Белгиси Дөрбөн эр эле, / Белсенип кирген балага, / Бет келбей бенде дегеле, / Мен-менсиген Батайы, / Каңгайлардын ичинде, / Балакеттин бири эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Беттешейин белсенип, / Мен- менсиген немеге, / Качан да болсо бет келем, / Мен качпаймын дегеле, / Темтеңдебей бул жерде, / Көрсөтөйүн күчүмдү, / Элдер көрсүн кең жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Белдүүсү төртөө көрүнөт, / Белсенип жоого кирери, / Кырктан ашык көрүнбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Беттешип теги кирбейли, / Белсенишип жүрбөйлү, / Атасы айкөл Манастын / Арбагына калбайлы, / Тил алсаң баатыр барбайлы / Биз астына баралы, / Жайа салып, кеп айтып, / Жарашып алып, жаналы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →