белес
- Жон-жон болуп кеткен тоо кыркасы, майда-майда жондонуп кеткен тоолор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арстандан калган чунактын, / Келе жаткан үч урук, / Тентектигин билбеди, / Ач белестин кайкыга, / Алды чыгып келди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Төрт айагы тик түшүп, / Кош кулагын жапырып, / Агарып таңы ачылып, / Серпинди болгон топурак, / Төш жары жерге чачылып, / Аркар болуп качканда, / Жейрен болуп белестен, / Бир кубулуп ашканда, / Желмогуздун өзү деп, / Өзү тургай буруусуз, / Как караган көзү деп, / Ачып көздү жумгунча, / Азыткыга жетем деп, / Алдында минген Тел…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сарыбайдын кебине, / Шер Сейитек көнгөнү, / Айрылып экөө жөнөдү, / Кошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Семетей, / Атка камчы басты, дейт, / Алдыңдагы белестен, / Эңишти карай ашты, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →