беленде

китептерде 68 жолу, 8 китепте
  1. Даярдоо, камдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны келет, деп, / Кыймыл эткен баарыны, / Калдык жүргөн белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Тулпар минип барам, — деп, / Кеңколдо жаткан туугандан, / Туйгузбай кабар алам, — деп, / Күлүктү минсем чабам, — деп, / Көрүнүп турган Кеңколго, / Көз ачкынча барам” – деп, / Токтоно албай Мадана, / Басып турат элеңдеп, / Жаш баатыр минди атына, / Бар жарагын белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элдери кабыл алыптыр, / Торлорун түрүп белендеп, / Беш миңи келип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…коргул таш эле, / Ысыккөл жаккы тарабы, / Жаткан жайык талаа эле, / Жарылып оозу кетет деп, / Көмкөрмө темир кийгизген, / Көтөн ооз келтесин, / Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарысын, / Бармак менен талкалап, / Арта салып кобурдан, / Тиктеп жатты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты Айчүрөк, / Сейитекке айтат кеп: / — Акжал менен Сүтбозду, / Чоң атаң менен энеңе, / Токутуп келгин белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →