белек
- Бирөө тарабынан экинчи бирөөгө арналган сыйлык, тартуу.
- өт. Тукум.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз кастык кылбаса, / Акимсинген кыргызга, / Чийбейт белек сызыкты, / Кылбайт белек кызыкты, / Жашырбай чынын айтканда, / Кабар айтып уруштан, / Каракөз салды бузукту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баатырдын белек Каракөк, / Карап турду тамылжып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…тырдын, / Айласыз турган хандарың, / Баары жүрдү жабылып, / Караанын көрүп ал элдин, / Кыймылын көрүп бүт элдин, / Хан Бакай турду муну айтып: / — Каныш берген белек, — деп, / Пайдасы бир күн тийет, — деп, / Кийимди окшош кийгиле, / Атты окшош мингиле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Барса барсын Куйалы, / Найзанын тийсе кереги, / Атадан белек сыр найза, / Аны алпарып берели, / Гүлчоро айтып жиберди, / Айчүрөк барып айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →