белдүү

китептерде 135 жолу, 8 китепте
  1. Күчтүү, кубаттуу.
  2. Кадыр-барктуу, беделдүү, жөлөк-таяныч боло турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кара мүртөс неменин, / Кара көздөн жаш чыгат, / Дагы кирди ал Отор, / Минген атын камчылап, / Беттешип Отор жеткенде, / Периштенин үнүндөй, / Бек ачуу үнү жетти эле, / Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, / Үн угузуп өттү эле, / Күлүстөн үнүн угабы, / Күлүстөн үнүн укканда, / Көмөрүлбөй турабы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таланадан айрылдым, / Белдүүдөн калбай баары өлүп, / Канатып сынып кайрылып, / Калмактан тартуу алганда, / Акылымдан айныдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Белдүүсү төртөө көрүнөт, / Белсенип жоого кирери, / Кырктан ашык көрүнбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Береги Талас турмайлык, / Бейжинде белдүү Коңурбай, / Элчилешип келгенде, / Ошону билген зор Бакай, / Бакайга билги бергенге, / Эми болду көөнүм жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →