белдер
- диал. Жаш жигит, улан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзасы сайып талаага, / Бар жарагын асышып, / Көөдөндөшүп тирешип, / Белдерин орой кармашып, / Баарлык күчүн арнашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кирип келди жакындап, / Жазганбаган эр Сейит, / Коргошун жүрөк шер Сейит, / Козголуп койбой кебелип, / Тапан хандын элдери, / Ооруганы басылып, / Оңолгонсуп белдери: / — Атаны кайран кызыл лөк, / Адамдай мында өнөр көп, / Аты менен Сейитти, / Өңгөчөктөп жыгат, деп / Топого башын тыгат, деп / Чойтолоң менен Тазкара, / Алдар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтып баргын баатырга, / Мен Кара дөө сөздөрүм, / Сен көргөнсүң, токойум, / Тамчы суу жок чөлдөрүн, / Туйуктап койчу көлдөрүн, / Ат чалыкчу белдерин, / Жол табалбай калычу, / Түнт токойлуу черлерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Намангендин астында, / Кең Кокондун үстүндө, / Таш чокуга мен бардым, / Кашкар жаккы белдерге, / Калмак, кытай элдерге, / Дүрбү салып карасам, / Каргасы учуп келбеген, / Калбаган экен бизге дейм, / Каш кайтарар бендеден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ — Азыркы жай, келер кыш, / Мал багып байлар барбагын, / Кеңколдун башы Жетитөр, / Суусамырдын Тескейге, / Үйүң конуп калбагын, / Үстү жагы чоң Кемин, / Артуусу Барскоон белдерин, / Орто жерин бир жылы, / Жердебегин жебегин, / Алты сан аргын кам кылгын, / Бар керегиң жам кылгын, / Байлар, укпай калбагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →