белдемчи
- Көбүнчө баасы кымбат, сапаттуу калың кездемелердин (баркут, чий баркут, плюш, нооту, кымкап ж.б.) биринен кооздолуп жасалуучу аялдардын көйнөктүн сыртынан белден ылдый кийилүүчү кийими.
- Баатырлардын жоо кийимдеринин түрү – белден ылдый тартылуучу аялдардын кийими түрүндө жасалып, негизинен ок, кылыч ж.б. куралдардан калканч катары сактоо милдетин аткарат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагынып, / Эки эли кундуз жээктеп, / Белдемчисин кагышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ап, / Сүйкүм шамал жел айдап, / Кеңколдун ичи зыркырап, / Ачылсын баатыр жолуң, деп, / Атбай кыргыз чуркурап, / Көөнү ачылып кыргыздын, / Жубандары суйсалып, / Белдемчи жерде чубалып, / Суусар, кундуз, бөрк кийип, / Саамайын кыздар сыланып, / Кеп айтаардан эринип, / Мырзалары керилип, / Беттеп чыкты Кененим, / Кеңкула атты тем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…типсиң катынга, / Какчаңдаган кара сур, / Ара күрмөй качырга- / Шылдың кылып абыдан, / Күлө сүйлөп шылкылдап, / Эликтеп бетин чымчылап, / Чыгып кетти эшикке, / Белдемчиси буластап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укмуштуу эле Кененим, / Мен ошондон сурап билейин” / Деп ойлонуп шашыла, / Энтеңдей басып ашыга, / Белдемчи жерге бүгүлүп, / Көзүнөн жашы төгүлүп, / Кененимдин үстүнө, / Келип кирди күйүгүп: / — Ээ, Кененим, Арстаным, / Эсиме түшкөн бир кепти, / Эми сага айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Береним энем Каныкей, / Белдемчинин бүгүшкө, / Бекем катып капшырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →