белгисиз

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Белги коюлбаган, белгиленген эч белгиси жок.
  2. Дайыны, кабары жок, дайынсыз, ачык эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Бу көрөкчө жапанга, / Бүгүн түн качып кетели», / Деп, кеңешип жапандар, / Жапа доңуз атып жеп, / Бака, жылан, коңуз жеп, / Чөп тамырын терип жеп, / Кай кеткени белгисиз, / Бирден кетти темтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айтканы ушул кеп болду, / Кай кеткени белгисиз, / Карааны көздөн жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →