белгиле
- Белгилүү болуп туруу үчүн бир белги коюу, тамга салуу же кандайдыр бир белгилерин байкап калуу, баамдап алуу.
- Дайындоо, аныктоо, чектөө.
- Кандайдыр бир белгисин, өзгөчөлүгүн, сапатын ж. б. көрсөтүү, билдирүү, айгинелөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келбестин жайы ушул го, / Түндүк менен түштүктүн, / Арасында аш берсе, / Калбай баары бүт келет, / Ыктуу болсо конолго” / Деп ойлонуп Бекбача, / Жерди чардап көрмөккө, / Конушту мурун белгилеп, / Анан ашты бермекке, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Атайын жерди көрмөккө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайды көргөндө, / Жаандан ашкан Кененим, / Жагалданып турду эле, / Жанаша келип Дабытай, / Кебин айтты мамындай: / — Эрегишке эр керек, / Эр башкарган эл керек, / Элебей сага катыштым, / Кадырлап каңгай келди, деп, / Эми таанып мен жеттим, / Эрдигиңди белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Токтоно албай Чынаача: / — Жүз элүү миң эл барсың, / Бириң калбай каптагын, / Алың келсе байлап ал, / Тоодой болгон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элди…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тайторуну суратсам, / Бербей койгон экенсиң, / Өз алыңды белгилеп, / Мени менен теңдешип, / Эр чыккан жок сенчилеп, / Семетей менен Гүлүскө, / Ким сайышкан менчилеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асабадан белгилеп, / Эл ортосун чектеген, / Алты күндө бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →