белги

китептерде 206 жолу, 9 китепте
  1. Адашпай оңой тааныш үчүн, таап алуу үчүн атайын коюлган, ылайыкталган нерсе, тамга ж.б. Геологдор болсо, баланча жерде көмүр бар деп гана белги урушат (Сасыкбаев).
  2. Ар кандай мүнөздүү, тийиштүү касиеттер, сырткы көрүнүштөр.
  3. Көз карашы менен өңдөрүндө андай жаман адамдык белги байкалбайт (Жантөшев).
  4. Кандайдыр бир шарттуу түшүнүктү билдирген жаңсоо, ишарат, кабар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Түшүндө белги болгонбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Андан мурун башкага, / Бастырмак болсо бир жакка, / Күмбөзүнө баатырдын, / Бир күн түнөп алуучу, / Болсун белги, болбосун, / Бастырып кетип калуучу, / Түнүндө барбай күмбөзгө, / Эртең менен барганы, / Эки бээни алпарып, / Арбагына арнады, / Жарабайт жылкы түлөөгө, / Ача … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сур тайды ага бергениң – / Падышалык тагыңды, / Башында белги бергениң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Бакай муну айтат: / — Эки айдын алдында, / Мен бир белги көргөнмүн, / Гүлчоро менен Сейитек, / Каныкей менен Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →