белбоо
- Чарчы кездемеден же ар кандай түстөгү жиптерден эшилип, өрүлүп жасалган кур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оң жагында айкөлдүн, / Сарала минип теңселип, / Сары сакал сеңселип, / Ийриси жок түз сөздүү, / Сепкили жок ак жүздүү, / Алтын айдар чок белбоо, / Азиз кандын Алмамбет, / Жалайак ооз жалын көз, / Жан катылчу эр эмес, / Коргошун жүрөк жел билек, / Коркпой турган Алмамбет, / Бадана тонун кийинип, / Бар к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н койбой тондорун, / Олпокторун булушуп, / Арзан эмес бул жумуш, / Чокморлорун алышып, / Чокулата салышып, / Колтуктарын чойушуп, / Кош колдоп туруп койушуп, / Белбоолорун үзүшүп, / Этектен бурдай кармашып, / Бүткүл күчүн арнашып, / Эс алган жок бул экөө, / Эр намысын талашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыга калсам сеңирден, / Бойу тоодой керилген, / Бели кындай кең белбоо, / Кебез өтүк Кендирбай, / Аркасында айдары, / Тору айгырдын жалындай, / Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөнү жуткундай, / Жанказандай башы бар, / Жаткан иттей к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…йран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кумтуланып сыртынан, / Капшыра байлап белбоосун, / Жайып Токоң келатат, / Куу качырдын ал оозун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →