бел

китептерде 1077 жолу, 10 китепте
  1. Дененин жамбашка жакын ичкерээк тартып кеткен арка жак бөлүгү, арканын жамбашка жакын бөлүгү.
  2. Айым өйдө болуп, уюган белин кайкалатат («Ала-Тоо»).
  3. Бир нерсенин орто чени, орто бөлүгү.
  4. өт. Жөлөк, таяныч, тирек.
  5. Тоо кыркаларынын ашып өтүүгө ылайык келген жону, кайкыраак жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мурун сенин белиңе, / Оролгон экен сур жылан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул сөз мага бир аз бел боло түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →