бекзат
- Теги бектерден, бектин тукуму, бекзаада.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кенебеген Кененим, / Бендеден чыккан бекзатка, / Кайсы кепти мен дейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Жатып калды бай Жакып, / Жайдарың кетти аттанып, / Кырк чорону котчу алып, / Хан Бакайды кошо алып, / Кызыл желек туу алып, / Белдүү бекзат жөнөдү, / Бетбакты карай бет алып, / Эсине кирип Кардыгач, / Жата албады тынч алып, / «Кандай күндө калды, деп, / Кара калпак кысталып, / Алтыкени жөнөттү, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошентип жүрүп сенделип, / Белге чыгып келгемин, / Пейлиңди салып бекем ук, / Бекзат Чубак - береним!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бейжин деп Бекзат калыптыр, / Учураша Манаска, / Эми барып мен келем”- / Деген мындай ой менен, / Элүү миң аскер кол менен, / Келген экен жол менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акшумкардын артынан, / Айчүрөк сенин дартыңдан, / Азык алган алты бээ, / Кош жүктөгөн төрт жорго, / Коштогонум он төрт ат, / Аттанып чыктык үч бекзат, / Арчатору бууданга, / Айактап кебез байланып, / Он төрт күлүк айдатып, / Бүгүндөн калбай барам деп, / Айчүрөк сени табам деп, / Аттанып чыкты үйдөн шат, / Ду…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →