бекет
- Жүргүнчүлөр жана шаар аралык каттамда жүрүүчү транспорттор токтоочу жай, имарат.
- тар. Аралык өлчөмү, Болжол менен 20–25 километр аралык (ат менен жүргөн адамга бир күндүк жол чамасындагы аралык, бекеттер бири бирине ошондой аралыкта курулуп жайгашуучу).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Наманген, Ташкен, Самаркан, / Тажикке берем олжого, / Кербендер түнөп өтүүчү, / Бекет кылам Коконду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →