бекеринен
- Курулай, жөн эле, жок жерден, эч себепсиз, бөөдөсүнөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Антип барсын кыргыз деп, / Мында калыш дурус деп, / Ойлонгону калышсын, / Башка жерге барбасын, / Бекеринен калбасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Иттиги анын кармаса, / Каап алат карс этип, / Талап кетет арс этип, / Байкоосуз чатак табылат, / Бекеринен баш кетип, / Мадыбекти таба көр, / Ылдам барып сен жетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бекеринен бирөөгө, / Бир кой кармап бербедиң, / Кишинин жакшы-жаманын, / Карыганча билбедиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п кара жүз, / Тапан ханга жолугуп, / Тынч жаткан элге чыр кылды- / Кумду канга сугарды, / Тарпын элдин чыгарды, / Далай баатыр кулады, / Бейажал өлүп букара, / Бекеринен сулады, / Атасынан ажырап, / Жетим балдар чуулдады, / Алганынан ажырап, / Нечен катын тул калды, / Кете берсем болду деп, / Эки күн өтүп арадан, / Эң алдында х…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бекеринен бенделер, / Келбейт эле бул жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →