бекерге
- Курулай, эч себепсиз, бекеринен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Белди берип аскерге, / Каптатып ийип Кененге, / Кайра тартып барайын, / Ар кайда кеткен бектерге, / Бел байлайым деп туруп, / Мен өлбөйүн бекерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бекерге эмес сойгон төө, / Кыргызды алам кыйратып, / Бир төөгө үчтөн ат, — деди, / Бербей койор чама жок, / Баарысына куп деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сыйкырдын баары төгүлдү, / Тордон Сыргак бөлүндү, / Байкап көрсөм Сыргакты, / Бир ажыдаар көрүндү, / Белсенип турган оогандык, / Бекерге каны төгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атта жүрүп каржалып, / Жашым өтүп картайып, / Бекерге кетти ушул түн, / Сүйгөнүм сенден калтаарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Береби кызын Орусхан, / Калыңы жок бекерге?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →