бекер
- Ишсиз, кызматсыз, жумушу жок.
- Бош, ачык, куру.
- Иштебеген, ишсиз жүргөн киши, бекерчи.
- Курулай, негизсиз.
- Бөөдө, бөөдөсүнөн.
- Дайыны жок, дайынсыз.
- Акысыз.
- Эч нерсе төлөбөстөн, эч нерсе бербестен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз менен хан Калдык, / Аларга бекер чулгашып, / Арбыттыңар калбаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бастырсам жалгыз бекер, деп, / Баш бербей тепсеп келер, деп, / Бабасынан бер жакка, / Баарыга маалым кызыл туу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…тын мал-пулун, / Бузбай-чачпай алдыма, / Айдап келгин Дабытай, / Бир беттешип көрүшүп, / Кайтып кеткин Дабытай, / Бузулбастык убадаң, / Айтып кеткин Дабытай, / Бекер жерге жол салчуу, / Бейкут элге кол салчуу, / Мен эмесмин, Дабытай, / Алты атамдан жети атам, / Айтканын танган эр эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Атам айткан чын болсо, / Нак Семетей экен, деп, / Ээрчип жүрүп алты күн, / Күн өткөрдүм бекер, — деп, / Бүгүн кечте келгенде, / Бастырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар бекен зобанын, / Эшитип үнүн калайын” / Деп ойлонуп Кара дөө, / Ти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →