бекемде

китептерде 75 жолу, 9 китепте
  1. Бек орунтуктатуу, бекем абалга келтирүү, бекитүү, чыңдоо.
  2. Бышыктоо, ырастоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп кетпес, деп, / Тоо бөксөлөп өтөт, деп, / Жол тосоттоп үй тигип, / Тиктеп жүрчүү бекемдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жанын айап калган жок, / Чаң чыкпас минип тепеңдеп, / Кутургурга Кара дөө, / Жана тийди бекемдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кан ичмеден сүрдөбөй, / Алдындагы Сур атты, / Айлантып кайта имерип, / Бекемдеп кармап балтаны, / Балага кары теңби — деп, / Беттешип бала барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →