бекбекей

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. этн. Түн ичинде короо кайтарган кыз-келиндердин тамаша-оюн баштап, ырдаган ырлары.
  2. Короо кайтарган аялдардын кыйкырыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…еп, / Кысыр эмди тай жешип, / Казы- карта, - май жешип, / Күрпөң сойуп, куйрук жеп, / Козунун эти эң сонун, / Бүгүн башка болду, деп, / Түндө короо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Саксакай айтып заңкылдап, / Казанда кайнап козулар, / Бышып жаткан быркылдап, / Эт бышырган катындар, / Эт оодарып шыпылдап, / Жанаша басып к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үлүш берип кунан чаап, / Ойноп балдар дуулдап, / Акачөлүм түнкүсүн, / Кыз- келиндер чуулдап, / Короосун кошо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Аңчылар бөөрү кармашып, / Аркар- кулжа бугу атып, / Текесин таштан кулатып, / Түлкүдөн кийип тебетей, / Мырзалары кырдашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →