бек1

китептерде 611 жолу, 10 китепте бек 2 →
  1. Бир уруунун башчысы, эл бийлөөчү.
  2. Көпчүлүк түрк элдеринде хандан кийинки мансап орду «бек» аталган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…кей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп жазыптыр Кененим, / Убадасын токтотуп, / Бек жазыптыр Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Абайлап караап олтурса, / Чубап келет кырк бир жан, / Берекелүү бек айбат, / Ортосунда бир адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →