бейчеки
- Жөнү жок, ыксыз, ылайыксыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асылбача, Бекбача, / Таласка барып жай алды, / Бейчеки баскан барбы, деп, / Бел-белден Асыл жол чалды, / Күзгө салкын шамалда, / Ит агытып, жаа тартты, / Токойдон жолборс, бугу атты, / Төр-төрдөн карап айуу атты, / Курбудан кулжа сулатты, / Текесин таштан кулатты, / Илбирс менен чөө атты, / Ийри мойун төө атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Байкап Тору ат тыңшаса, / Бейчеки эмес бейбаштай, / Карандай эмес балбандай, / Чобур эмес тулпардай, / Айра таанып болгондо, / Кайра тартып жөнөдү, / Таакат кылып туралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дөбөдө үч үй туруучу, / Үйүнүн бирөө ашкана, / Мейман кирет бирөөнө, / Өзү жатат бирөөнө, / Бейчеки адам кире албайт, / Уруксатсыз үйлөргө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бейчеки отту жактырбай, / Бирөөгө тузун таттырбай, / Башкаларга чыгарып, / Угузуп элге жап кылбай, / Маалында этин бышыртып, / Чараларга чыгартып, / Ажыратып жилигин, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →