бейпил
- Тынч, капарсыз, камсыз.
- Кичи пейил, сылык, ак көңүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайдырып найза баатырга, / Керишип кулач жаа тартып, / Устунга илген жамбы атып, / Жыргалга батып сайрандап, / Бейкут, бейпил тынч жатып, / Кемпири майга карабай, / Келини каймак жалабай, / Кыргыздын толгон кези экен, / Улагадан агып май.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Илгери бир өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап-жыргап бир нече жыл жашаптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ошентип бала сыйкырчыдан кутулуп, Өкүш сыйкырчынын кызын алып, өз үйүндө аябаган чоң той өткөрүп, бейпил турмушта жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →