бейпайлуу

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Кайгылуу, капалуу, азаптуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алоокеден бер жакка, / Калмактардын кылганын, / Бирден бирден эске алды, / Пейилинде кылды убада, / Бейжинге чейин барарда, / Менменсиген калчага, / Бейпайлуу күндү салаарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бейпайлуу калча оңбогур, / Белди тосуп жаткан бейм, / Коркпосоң эми келгин, деп, / Белдүү шерге айткан бейм, / Жарасы зилдеп айкөлүн, / Жабырды жаман тарткан бейм, / Жазганып Сыргак эренден, / Жалтанып Кангай калган бейм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түрү суук заардуу кул, / Бөрк ордуна баш алган, / Бөөдөсүнөн кан чачкан, / Тоо бөксөрүп жол салган, / Томкоруп нечен эр алган / Менменсиген далайын, / Катынын жесир тул кылган, / Бет алган жакка чуу салган, / Бейпайлуу элди муң кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бей ажал өлүм башына, / Бейпайлуу жумуш кашына, / Келгенин бала элебей, / Кулжадан Сейит кур калып, / Кубанчы болбой муңканып, / Тел күрөң чечип сумсайып, / Бузулуп өңү кумсарып, / Бекемдеп белин курчанып, / Алтайды карай бет алып, / Жүрүп берди Сейити, / Телкүрөңдү камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →