бейпай

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Убара, азап, жөнү жок.
  2. Байкуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лмамбет, — деп айтат, / Ээн талаада жолуктук, / Ушунчалык болуштук, / Аты-тону барысын, / Мага берди анысын, / Кетем десем бергенин, / Барын тартып алар деп, / Бейпайга башым салар деп, / Беймаал кылып башымды, / Баштагындан беш бетер, / Төгөбү деп жашымы, / Ойуңузда болбосун, / Өзүм берип зору жок, / Осол кылып койбосмун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Перидей Чүрөк деп жүрсөм, / Бейпай катын белемсиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бейбаш сүйлөп өзүң шок, / Бейпай кылаар кишиң жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Түп атабыз эр Манас, / Жерибиз Кеңкол, чоң Талас, / Калдуубет барды маңгыттан, / Алмакчы болуп эл талап, / Беттешип чыктым мен ага, / Бейпайды салдым аларга, / Келгенине кайгырып, / Уктабай калды бушманда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Алда караңкүн ай, Каныша өзү өлбөй эле, мени тирүүлөй бир бейпайга салып кеткен турбайбы, кокуй!— деп кейип Жанымжанга карады Бурмаке. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →