беймаал

китептерде 23 жолу, 6 китепте
  1. Күтүлбөгөн маал, мезгилсиз, маалсыз, өз учурунда эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Беш киши сени беймаал, / Өлтүрөр киши мен эмес, / Жана таап келгиле, / Бул беш урук сен эмес, / Канчалык келсе сел каптап, / Агызып кетер бекен деп, / Айанып калчу мен эмес, / Түп атамдан бер жакка, / Жоодон корккон эл эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачпай напсиң неткени, / Атбай алаш жөн жатса, / Таласка булар жеткени, / Беймаал кыргыз жатыптыр, / Беш убак тамак татыптыр, / Чигитейдин уйкусу, / Он беш күнчө качыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тоңкойуп калмак жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Кайра айланып сайгыча, / Темирбек келип кабылды, / Беймаал өлүм табылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Жигине мистен чаптаган, / Кунан уйдай ок салса, / Нуршабдар менен от берсең, / Атканда дүйнө солк этет, / Чайкалат тоонун теңизи, / Чайпалган көлдүн деңизи, / Беймаал тоок чакырат, / Акырда эшек акырат, / Бешикте балдар ыйласа, / Төшөктө чалдар туйласа, / Курма тамдар куласа, / Арстан эрдин Аккелте, / Атылыптыр бүгүн деп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акырда эшек айкырды, / Беймаал тоок чакырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →