бейм
- Болжолдоо же ырастоо маанисин берүү иретинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каны агып болгон бейм, / Ал аңгыча пилинен, / Сазан кетти шалак деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Келатканым көргөн бейм, / Карааным көрүп алыстан, / Жүрөгү менден өлгөн бейм, / Көөдөндө жаны бар туруп, / Башкаларга жалынып, / Жан сакташы кандай кеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үч жыл өттү арадан, / Дагы Жакып ойлонду: / “Адат алып калды бейм, / Мурункудай катынды, / Алып барып салсам бейм, / Ырымы ырым болор, — деп, / Ырысыма уул туулса, / Конушума коноор”, — деп, / Үй курады жаңыдан, / Төрт түлүгү тең үчүн, / Баары өзүнөн табылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болгон нишан белги бейм: / “Кутургурду алалбайт, / Мени менен сайбаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бүгүн кезек келген, бейм, / Багым менин билдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →