бейле

китептерде 41 жолу, 8 китепте
  1. Көңүл буруу, көңүл коюу, баамдоо, байкоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбача кайып болгону, / Киредеги урушта, / Алты жыл ашып, жети жыл, / Болуп калды азамат, / Бекбача аман-соо барбы, / Кызылкыз угуп бул кепти, / «Кыйналып жаткан кыргызга, / Өзүмдү айтып билгизип, / Анан кепти баштайын» / — Хан Кетиркей менден ук, / Менден уксаң бейлеп ук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ук алалы, / Шаарына барып алганда, / Жекелешкен Ачакан, / Аттан түшүп калганда, / Кол куушуруп калган эл, / Жан соогалап турганда, / Пейлиңиз сиздин кең эле, / Бейлебеген дегеле, / Күнөөсүн кечип ийерсиз, / Томсоруп куру кеткенде, / Анда кандай кылабыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байкадым баарын мен — деди, / Чекелеп уруш кыл, — деди, / Бейлеп турат оогандык, / Чалынаарың тор, — деди, / Энөөлүк кылсаң кокустан, / Жатаар жериң ор, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жол маанисин менден ук, / Менден уксаң, бейлеп ук, / Калет келсе кантейин, / Атаңдын көрү дүйнө бок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Баатырлык менен Сомбилек, / Эчтемеден элебейт, / Мен-менсиген Ойротту, / Бендеби деп бейлебейт, / Бучкагына теңебейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →