бейкут

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Тынч, жайкерчилик, жайчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Таласка барып эл талап, / Бүлүк салат экен, — деп, / Бейкут жаткан кыргыздар, / Түйшүк тартат экен, — деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлонду, / Көөнүндө буга токтолду, / Көмөр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…чпай алдыма, / Айдап келгин Дабытай, / Бир беттешип көрүшүп, / Кайтып кеткин Дабытай, / Бузулбастык убадаң, / Айтып кеткин Дабытай, / Бекер жерге жол салчуу, / Бейкут элге кол салчуу, / Мен эмесмин, Дабытай, / Алты атамдан жети атам, / Айтканын танган эр эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли бузук эл эмес, / Колго тийс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…р араба алтындан, / Эки араба ак күмүш, / Алты араба сарыпай, / Жүз аргымак жылкыдан, / Жалаң нардан жүз дешип: / Ушуну алып жан калса, / Кубаналы шүк дешип, / Бейкут жаткан тынч элге, / Катылып койдук биз, дешип, / Бузуктун кирдик тилине, / Кылабыз өктө биз кимге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бейкут жаткан тынч элге, / Катышып каңгай чыр салды, / Кыргыз келип Таластан, / Каңгайдан жылкы албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →