бейкасам
- Эриши жип, аркагы жибек болуп токулган жылтырак кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түр бейкасам, ак шайы, / Жектелеп кийген чапаны, / Жалайак ооз, кир кабак, / Орок мурун, чуңкур көз, / Кең көкүрөк, кууш айак., / Кара сакал жайкалган, / Кадимтен бери уруш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…гин бербеген, / Ал заманда кыргыздар, / Мөшкөй төөнүн жүнүнөн, / Килем соккон термеден, / Өлүп кеткен кишини, / Быйдана төшөп алдына, / Термеге ороп жердеген / Бейкасам менен шайыны, / Жибектен жасап түрдөгөн, / Баашайы башка кулпуруп, / Тоту куштай гүлдөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жайдын күнү кийгени, / Башында калпак агарган, / Кызыл шайы, дүрүйө, / Карала менен бейкасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →