бейиш

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Диний-мифологиялык түшүнүк боюнча күнөөсүз адамдар өлгөндөн кийин орун алчу жыргалдуу жай.
  2. өт. Жыргал, ыракат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элүү миң жин келатып, / Ой-тоодо отко бөлүндү, / Мойнуна алды байкуштар, / Татылдадан өлүмдү, / От колдуу өлсө жин пери, / Бейишке чыгат өлүмү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манас досуңа теңелип, / “Кайыр коштоп” болбойсуң, / Миң өлүк жолборс бириксе, / Мышыкчалык алы жок, / Миң шейиттин арбагы, / Бир тирүүчө баркы жок, / Миң күнү көргөн бейиштин, / Бир күнчөлүк наркы жок, / Кайраты жок жигиттин, / Камчычалык дайны жок, / Күнөөлөшүң дуруспу, / Кем учурайт айбы жок? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бейиште болот дечү эле, / Же периштеден келдиби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атамдан калган Ачалбарс, / Анын жайын айтайын, / Бейиштен чыккан төрт кылыч, / Азирети Аалыга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Адам баласы кантип үй, от болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин тамагынан жебей кетсек жолубуз болбойт, – деп түшө калып казандын кырк кулагынан кармап чыгарайын дегенде, казан жарылып кетип, Өмүраалы баш болуп кырк жигити күйүп өлүп калышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →