бейбаш
- Тартипсиз, ээн баш, тентек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, / Бейбаштыгың ар качан, / Өзүңө пайда бербеди, / Коктукаттын шаарына, / Кошуунуң калбай жүр!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бейбаштык кылып Саламат, / Кеткенин кара акмактын, / Кулагы угуп жүрүчү, / “Качкан жоону кууба, деп, / Кылычты канга жууба” деп, / Олуйа Бакай айтканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтын мейиз ширин сөз, / Асталай айтып чачылып, / “Кызды көрүп кылтылдап, / Кыргыйек куштай шыпылдап, / Адепсиз өскөн кутуруп, / Кызды көрүп жутунуп, / Койнуна колуң саласың, / Кандай бейбаш баласың, / Бул жоругуң койбосоң, / Бир балаага каласың..
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →