бейбак

китептерде 18 жолу, 5 китепте
  1. Бактысыз, таалайсыз, кешиги жок, шор маңдай.
  2. өт. Аялдарга карата бейбак, бейтаалай, долу ж.б.у.с. кемсинтүү, басынтуу, кордоо иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлбөй калсам бул бойдон, / Мени кудай урбайбы, / Кыз туруп эрден кур калган, / Кара жүз бейбак эле, деп, / Калгандар шылдың кылбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…рене тээп туткучун, / Үзөнгүнүн ордуна, / Супурасы кисепчи, / Эки буттун томукта, / Осурагы доолбас, / Тарс-тарс деп үн чыгат, / Жоолуктун учун имерип, / Оозун бейбак думчулап, / Минип алган сокусу, / Тулпардай туйлап булкунат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— Арстан кайда жеңеке, / Бар эле менин кебим, — дейт, / Каныкей анда мындай дейт: / — Кебиме, Ажым, кулак сал, / Куру шылдың кылбаңар, / Төрт күндөн мурда мен бейбак, / Каңгайдан келген карыга, / Барып келген жайым бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мээрим канбай бушманда, / Айрылып калдым мен бейбак! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чыдай албай бейбактар, / Дамбалга сийип бүркүрөп, / Сакчы койгон сары кыз, / Кабарчы койгон кара кыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →