безилде
- Какылдап-какшоо, какшанып жанын сабап сүйлөө.
- Таңшуу, үн безөө, кубулжуу.
- Чымын-куюн болуп тез жүрүү, тез чуркоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…и тай жешип, / Казы- карта, - май жешип, / Күрпөң сойуп, куйрук жеп, / Козунун эти эң сонун, / Бүгүн башка болду, деп, / Түндө короо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Саксакай айтып заңкылдап, / Казанда кайнап козулар, / Бышып жаткан быркылдап, / Эт бышырган катындар, / Эт оодарып шыпылдап, / Жанаша басып келин–кыз, / Күл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Же өлүп кетип Медеркан, / Кара жерге кире албай, / Олтурган жерден кобо албай, / Мурун кудай боло албай, / Пейлимен кайра жандым, деп, / Безилдеп ыйлап кан какшап, / Чигитейге баралбай, / Же кетип калгын кайра, деп, / Кычырып келген каркыттап, / Кытай менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Султанымдын барында, / Мелүүнкү жатып уктадым, / Беш тайпа журтту туткамын, / Менде тоодон чоң арман, / Безилдетип ыйлатып, / Семетейге бир медет, / Перзенттин үнүн укпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошондо жүрбөгөнүн көрөйүн, мен айкырып калганымда Беккул карышкырды көрө коюп, жакын калган жалаңкычтан качкандай, жанын таштап бизди карай бир безилдеп келет дейсиң...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
- Аялы безилдеп шакылыктады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →