безелен

китептерде 5 жолу
  1. Чый-пыйы чыгуу, тынчсыздануу, безилдөө.
  2. Үн кубулжутуп сайроо, ырдоо, үнүн безөө (м., комузда).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ошол мезгилде түнкү бороонго кошулуп, алыстан бир коңгуроо дабышы безеленип келе жаткандай болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Байболоттун он жашар, кибиреген кызы бир эсе чыңырып барып, атасына түшө калат да бир эсе безеленип, кайра энесине жүгүрүп келет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бизге жакын жерден безелентип бирөөнү кууп бараткан ак корозду карап калып мен: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— Тетиги жаркыраган Кеген суусу,— деп койду да кайтып безелентип ырдап кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →