без1

китептерде 39 жолу, 8 китепте без 2 →
  1. Организмге керексиз заттарды бөлүп, керектүү заттарды иштеп чыгаруучу орган.
  2. өт. Эч нерсеге көңүл бөлбөгөн, эч нерсе менен иши жок, бардыгына катаалдык менен караган, ташбоор (киши жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

айланып сайышты, / Эрендин бири Чакмакташ, / Каңгайдан келген баатырды, / Кардыгач менен Жагалмай, / Катар сайган капырды, / Кабуусуна келтирип, / Ээктин алды бези деп, / Кулак түбү ушу, деп, / Муштап өттү Чакмакташ, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап өттү Чакмакташ, / Жер кучактап жыгылды, / Топтого башы тыгылды, / Денеден … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирөө жара, бирөө сак, / Куруп калган бул Сакта, / Кантер айла таппады, / Таппаганга болобу, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Бакалоордун безине, / Найза менен бир койду, / Кара буурул тулпардан, / Калпактай учуп торойду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тордогон бойдон чогулуп, / Айдап алып жөнөдү, / Жандоочу деген сепилге, / Барганын көзүм көрбөдү, / Хан туруп качкан караан, деп, / Калкынан безген арам, деп, / Аты менен өлсүн, деп, / Ачка кордук көрсүн, деп, / Кырк кулач бойу сепилге, / Атым менен таштады, / Азапты минтип баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Кайра айланса бадырек, / Кагышат экен далайга” / Деген ойго келгени, / Тартып алып өпкөдөн, / Бакалоордун безине, / Баатыр муштап имерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Адамдан осынша безген не деген жан өзи? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →